Террорго каршы күрөш уланып жатат
Түрк куралдуу күчтөрү абадан операцияларды жүргүздү.
1037681
Террорго каршы күрөш өлкөнүн ичинде жана тышында үзгүлтүксүз уланып жатат.
Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү Авашин-Басьян аймагына карай абадан операция жүргүздү.
Операцияда жикчил террордук уюм ПККга мүчө 3 террорист жок кылынды.
Бингөлдүн Карлыова районунун элет жеринде жүргүзүлгөн операцияда да изделгендердин тизмесиндеги ПККлык 2 террорист таасирсиз кылынды.
Операцияда бир аскер шейит болуп, 2 аскер жараланды.
Агры, Шырнак жана Тунжелиде жүргүзүлгөн операцияларда болсо 8 террорист таасирсиз кылынды.