Түрк Кызылайы Пакистанда 20 миң үй - бүлөгө эт таркатты
Жалпы өлкөдөгү 3 жерде 3 миң бодо мал сойгон түрк Кызылайы эттерди 20 миң үй - бүлө жана жетимканаларга жеткирди.
Түрк Кызылайы Курман айт майрамында жалпы Пакистандагы 20 миң үй - бүлөгө курмандык этин таркатты.
Жалпы өлкөдөгү 3 жерде 3 миң бодо мал сойгон Түрк Кызылайы эттерди 20 миң үй - бүлө жана жетимканаларга жеткирди.
Түрк Кызылайынын Пакистан делегациясынын жетекчиси Ибрахим Карлос Камило түрк Кызылайынын бул майрамда эң көп курмандык этин таркаткан экинчи өлкө болгон Пакистанда 20 миң жерге эт жеткиргендигин белгиледи. Ибрахим Карлос Камило балдарга оюнчуктардын да таркатылгандыгын белгиледи. Камило Түркиянын Исламабаддагы элчиси Ихсан Мустафа Йурдакул менен Карачи башкы консулу Толга Учактын да курмандык жардамдарын таркатууга катышып пакистандык балдар менен түркмөн жана афган качын балдарга белектерди таркатышарын айтты.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинде жасаган билдирүүсү.
Президент Эрдогандын 1-Майга карата билдирүүсү
Президент Режеп Таййип Эрдоган 1-Майга карата билдирүүсүн социалдык медиа эсебинен бөлүштү.