Президент Эрдогандын Курман Айт майрамына карата билдирүүсү

Эрдоган видеолуу билдирүү жарыялады.

1035429
Президент Эрдогандын Курман Айт майрамына карата билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Курман Айт майрамынан улам видеолуу билдирүү жарыялады.

Билдирүүсүндө «Экономикабызга карай чабуулдардын түздөн-түз азаныбызга жана желегибизге карай багытталган кол салуулардан эч айырмасы жок» деген президент: «Максат бирдей эле. Алардын максаты Түркияны жана түрк улутун чөгөлөтүү, курчоого алуу»,-деп айтты.

Эрдоган видеолуу билдирүүсүндө: «Азиз улутум, урматтуу туугандарым сиздерди чын дилден Курман Айт майрамыңыздар менен куттуктаймын. Бизди дагы бир Курман Айт майрамына жеткирген Раббибизге мактоолор болсун!» деп баштады.

Майрамдын бүткүл Ислам дүйнөсү жана адам баласы үчүн кайрымдуу болушун тилеген Эрдоган, Курман Айт майрамынын кыйынчылыктардан кутулууга себепчи болушун каалады.

Түрк улутунун жакшы жана жаман күндөрдө ынтымактуу болуу, бир жүрөк, бир муштумдай болуп биригүү мүнөзүнүн негизинде миңдеген жылдардан бери өзүн коргоп келе жатканын айткан Эрдоган, акыркы жылдардагы ар бир кол салууга, төңкөрүш аракетине, тузактарга ушундан улам бөгөт коюлгандыгын белгиледи. Эрдоган учурда деле улуттун бирдей эле мамилени көрсөткөндүгүн билдирди.

Президент Эрдоган: «Курман Айт майрамынан кийин дароо Малазгирт жеңишинин 947 жылдыгын белгилейбиз. Малазгирт жеңишинен бери канчалаган чуулгандуу окуяларды жеңип чыккан улутпуз. Эркиндигибиздин символдору болгон азандарыбызга жана желегибизге карай ар түрдүү кол салууга ошондой эле ишеним, чечкиндүүлүк жана акыл-эстүүлүк менен каршылык көрсөттүк»,-деп айтты.

Алдыбыздагы аптада 96-жылдыгы белгилене турган 30-Август Жеңиш майрамынын да мекенди коргой алуу эркинин белгилеринен бири экенине басым жасаган Эрдоган: «15-Июлда өтмүштөн келечекке карай курулган көпүрөнү жана аймагыбыздагы миң жылдык жашообузду жаныбызды аябастан коргоп калуунун чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу көрсөттүк. Экономикабызга багытталган кол салуунун түздөн-түз азаныбызга жана желегибизге багытталган кол салуулардан эч кандай айырмасы жок. Максаты бир. Анын максаты Түркияны жана түрк улутун чөгөлөтүп, туткунга алуу болуп саналат. Биз мойнубузга жип байланып жетелетип жүргөндөн көрөк башыбыз алынышын тандаган улутпуз. Террордук уюму, ичибиздеги чыккынчы бандалары менен миң түркүн жасакерликти кылып, тузак салып кулата албаган Түркияны валюта курсу менен кулата тургандарын ойлогондор жаңылгандарын абдан жакынкы убакта көрүшөт. Алла тааланын уруксаты менен өлкөбүз булардын бардыгын жеңип чыга турган күчкө, мүмкүнчүлүккө, аң-сезимге ээ. Эң негизгиси биз биримдик бололу, ири бололу, тири бололу, тууган бололу, бардыгыбыз бирге Түркия бололу»,-деди.

Ажылык милдеттерин орундатыш үчүн ыйык жерлерде жүргөндөрдүн сыйынууларынын кабыл кылынышын тилеген Эрдоган, Палестинадан Сирияга чейин, Түштүк Азиядан Түркстанга чейин дүйнөнүн көп жеринде зулумдукка кабылган бардык карапайым калктардын кутулушу үчүн дуба кылганын айтты.

 Унаалары менен жол тарткандардын этият болууларын, ылдамдык чегине баш ийүүлөрүн, коопсуздук илгичтерин тагууларын, уйкусун кандырбастан унааны айдабоолорун, жол эрежелерине толук баш ийүүлөрүн талап кылган Эрдоган, майрам кубанычынын аза күтүүгө айландырылбоосу үчүн ар кимди өз милдетин аткарууга чакырды.

Президент Эрдоган, Курман Айт майрамы көңүлдөргө ачыктык, ар бир үй-бүлөгө бакыт, Түркияга өсүп-өнүгүү алып келишин тилеп, сүйүү жана урматтоолорун билдирди. 



Тектеш кабарлар