Элчи Кылыч француз жазуучунун айткандарына жооп берди

Кылыч: «Түркия НАТОнун ишенимдүү мүчөсү»

1035347
Элчи Кылыч француз жазуучунун айткандарына жооп берди

Түркиянын Вашингтондогу элчиси Сердар Кылыч «Wall Street Journal» гезитине жазган макаласында француз жазуучу Бернард Анри Левинин өткөн жумадагы макаласында орун алган Түркия тууралуу айтымдарына жооп берди.

Леви макаласында Түркиянын «ишенилгис шериктеш» экенин айткандыгын эске салган Кылыч: «Бул айтым ондогон жылдык тарыхты жокко чыгарууда. Түркия террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшкөн өлкө, НАТОнун түштүк канатынын коргоочусу катары жана анын ичиндеги эң чоң экинчи куралдуу күчтөргө кожоюндук кылып 60 жылдан ашуун убакыттан бери ар намыстуу жана баш тартылгыс шериктеш болуп келе жатат»,-деп айтты.

Элчи Кылыч «Түркия НАТОнун ишенимдүү мүчөсү, ар дайым ушундай болду» аттуу макаласында француз жазуучу Левинин: «Түркия Сириядагы кагылышууну курчутуп жатат жана батыштан алыстатылышы керек» деген сөздөрүнө мисалдар менен карышылык көрсөттү. Кылыч: «Орто эсеп менен 4 миллион сириялык үчүн ишенимдүү баш калкалоочу жай болдук. Сириялыктар бул процессте өкмөтүбүз тарабынан курулган жайларда билим алууларын террордук коркунучтардан алыс улантышты. Айрымдары үйлөрүнө кайтышты. Леви түрк армиясынын Жераблуста жана берки жерлерде террордук уюм ДЕАШты кантип жеңгендигин унутуп калган окшойт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар