Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттарынын жаңы жөндөмдүүлүгү

Куралдуу учкучсуз учуучу аппараттардын жөндөмдүүлүгү дагы да арттырылды.

1034212
Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттарынын жаңы жөндөмдүүлүгү

Коргонуу өнөр жайы башкармалыгынын координациясында ишке ашырылган аракеттердин негизинде куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарга (SİHA) жаңы жөндөмдүүлүк киргизилди.

Спутниктен көзөмөлдөө жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон ANKA-S SİHA менен улуттук спутник аркылуу MAM-L ок-дарылуу атуу сыноолору ийгиликтүү аяктады.

Коргонуу өнөр жайы башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, мекеменин координациясында Түрк авиация жана космостук өнөр жайы (TUSAŞ) тарабанын өнүктүрүлгөн куралдуу учкучсуз учуучу аппараттардын жөндөмдүүлүгү дагы да арттырылды.

Ушунун негизинде коопсуздук күчтөрү алыста жайгашкан базадан учурган ANKA-S SİHAны башкарып, алыстагы бутаны жок кыла алат.

Билдирүүдө: «Бул системанын негизинде учкучсуз учуучу аппараттардагы бутаны дароо аныктоо, байкоо салуу жана жок кылуу жөндөмдүүлүгүн ANKA-S SİHA аркылуу дагы алыс аралыкка жеткирген болдук. Спутниктен ANKA-S аркылуу ишке ашылган бул атуулар, өлкөбүздүн улуттук технолгияны өнүктүрүү иштеринде жаңы болуп жатат»,-деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар