Эрдоган: "Түркия АКШнын электроникалык товарларын бойкот кылат"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, саясат, экономика жана коомдук иликтөөлөр фонду (SETA) тарабынан Анкара соода палатасынын Конгрессиум борборунда уюштурулган «Башкаруусунун 16-жылында Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АК партия)» симпозиумунда сөз сүйлөдү.

1032285
Эрдоган: "Түркия АКШнын электроникалык товарларын бойкот кылат"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия АКШнын электроникалык товарларын бойкот кыла турганын айтты.

Эрдоган, саясат, экономика жана коомдук иликтөөлөр фонду (SETA) тарабынан Анкара соода палатасынын Конгрессиум борборунда уюштурулган «Башкаруусунун 16-жылында Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АК партия)» симпозиумунда сөз сүйлөдү.

АКШнын санкция киргизүү чечимине токтолуп, «Түркияга карай ачык эле экономикалык кол салуу бар. Мүйүзүн кадап келе жаткансыйт»,-деп айткан Эрдоган, бардык чараларды көргөндөрүн жана көрүүнү да уланта тургандарын айтты.

Түрк экономикасынын барган сайын өскөнүн белгилеген Эрдоган, «Жумуш орунунда, туризмде рекордго жетишкен мезгилден өтүүдөбүз. Туризм тармагында кадимкидей секирикке өттүк. Коопсуздук жана ырааттуулуктун кепили болгон өлкөбүз бүгүнкү күндө бардык жагынан дүйнөдөгү эң бекем банкчылык системаларынан бирине ээ»,-деди.

АКШнын бир топ өлкөгө экономикалык согушун баштаганын баса белгилеген Эрдоган: «Өлкөбүзгө карай дагы чоң операциялар бар»,-деп айтты.

Түркиянын  өнүгүүсүн көрө албагандар экономиканы курал катары колдонуудан тартынышпагандарын айткан Эрдоган, өкмөттүн 2016-жылдын 15-июлдагы төңкөрүш аракетин улут менен бирге мизин майтарганы сыяктуу доллар, валюта курсу, инфляцияга каршы да туруштук бере тургандарын айтты.

Ар кимдин валютасын түрк лирасына айландыруу чакырыгын кайталаган Эрдоган: «Түрк лирасынын кунун сакташыбыз буларга эң сонун жооп болот»,-деди.

«АКШнын электроникалык товарларын биз бойкот кылабыз»,-деп айткан Эрдоган: «Бул аптада Батышта эл аралык жамаатта бир топ өткөрө турган сүйлөшүүлөрүбүз болот. Байланыштарыбызды курууудабыз, куруубузду да улантабыз. Аман болушсун Батыштан достор телефон чалып жатышат, алар менен сүйлөшүүдөбүз. Түркияда чогулуунун аракетиндебиз жана колдошуубузду ушундай түрдө улантабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар