Түркияда 10-Элчилер конференциясы башталууда...

Түркияны чет өлкөдө өкүлдүк кылган элчилер Анкарага чогулууда.

1031169
Түркияда 10-Элчилер конференциясы башталууда...

10-Элчилер конференциясы бүгүн башталууда.

Түркияны чет өлкөдө өкүлдүк кылган элчилер Анкарага чогулууда.

Конференциянын алдында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Тышкы иштер министрлигинин шейиттер көрүстөнүнө зыярат кылды.

Чавушоглу: «Террор балээсин жеңип чыгуу үчүн болгон күчүбүздү жумшоодобуз»,-деди.

Чавушоглу: «Дагы көп жан кыйылуусуна бөгөт болуш үчүн террор менен күрөшүүнү террористтердин арасында айырмачылык кылбастан, өлкөлөр кызматташуу менен жана шарт койбостон орундатуубуз керек»,-деп айтты.

Мевлүт Чавушоглу, шейиттер көрүстөнүнөн кийин Аныткабирге барды.

Чавушоглу 10-Элчилер конференциясында да сөз сүйлөйт.

Конференциянын алкагында Президенттик өкмөт системасынын быйылкы иштөө тартиби жана иштөө ыкмалары менен мамлекеттик уюмдардын түзүмдөрү туурасындагы жаңылануулар боюнча элчилерге маалымат берет.

Орусиянын тышкы иштер министри сергей Лавров, Словакиянын тышкы иштер министри Мирослав Лайчак менен Судандын тышкы иштер министри Ал-Дирдири Мухаммед Ахмед да конференцияга катыша турган конок ысымдар болот.

Президент Режеп Таййип Эрдоган болсо Президенттик комплексинде элчилерди түштөндүрөт.

Конференциянын калган бөлүмү Коньяда ишке ашат.

Элчилер тышкы иштер министри Чавушоглу менен бирге Коньяга барат.



Тектеш кабарлар