Түрк экономикасы бекем түзүлүшкө эгедер

Ибрахим Калын Твиттер баракчасынан валюта курсундагы өсүүгө байланыштуу маалымат берди.

1031223
Түрк экономикасы бекем түзүлүшкө эгедер

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын тийиштүү мекемелердин валюта курсундагы өсүүгө каршы керектүү кадамдарды таштап жаткандарын, эч кимдин спекулятивдүү маалыматтарга көңүл бурбай эле коюшун айтты.

Ибрахим Калын Твиттер баракчасынан валюта курсундагы кыймылдуулук тууралуу маалымат берди.

Түркиянын бул процесстен жеңип чыгаарын белгилеген Калын, эч кимдин спекулятивдүү маалыматтарга көңүл бурбай эле коюусу керектигин айтты.

Калын: «Казына жана каржы министрлиги, Борбордук банк, Банк иштерин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мекемеси, Капитал рыногу кеңеши жана берки мекемелерибиз финансылык туруктуулук үчүн керектүү кадамдарды таштап жатышат. Түрк экономикасынын түзүлүшү өтө бекем»,-деди.

Калын: «Эч ким спекулятивдүү маалыматтарга жана кыймылдарга көңүл бурбай эле койсун. Түркия бул процесстен күчтөнүп чыгып кетет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар