Чавушоглу 10-Элчилер конференциясынын ачылыш сөзүн сүйлөдү

Чавушоглу: «АКШнын салттык достук мамилелерибизге жана НАТО шериктештигибизге урмат-сый көрсөтүшүн күтүүдөбүз»,-деди.

1031372
Чавушоглу 10-Элчилер конференциясынын ачылыш сөзүн сүйлөдү

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, борбор шаар Анкарада 10-Элчилер конференциясынын расмий ачылышында катышуучуларга кайрылуусун жасады.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу ар түрдүү жаман түшүнүк жаратуу операцияларына, акцияларга карабастан Түркиянын дүйнөдө инвестиция салууга эң ыңгайлуу өлкөлөрдөн бири экенин айтты.

АКШ тарабынан валюта курсу аркылуу жасалган экономикалык кол салууларга токтолгон тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, ар түрдүү жаман түшүнүк жаратуу операцияларына, акцияларга карабастан Түркиянын дүйнөдө инвестиция салууга эң ыңгайлуу өлкөлөрдөн бири экенин айтты.

Чавушоглу: «АКШнын салттык достук мамилелерибизге жана НАТО шериктештигибизге урмат-сый көрсөтүшүн күтүүдөбүз»,-деди.

АКШнын санкция менен бир нерсеге жете албай турганын баса белгилеген Чавушоглу: «Кысым көрсөтүү менен эч нерсеге жете албасын АКШ билиши керек. Дипломатияларга, макулдашууларга барбыз, бирок мажбурлоолорду кабыл алышбыз мүмкүн эмес»,-деп айтты.

АКШ менен акыркы күндөрдө кааланбаган алакалар болуп жатканына басым жасаган Чавушоглу: «АКШ бийлиги конструктивдүү болбой башкача малиле көрсөттү. Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ темасында так кадам ташташкан жок, 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинин аркасында ФЕТӨ турганын билишет. Бизден делолорду сурашты, бардыгын жеткирдик. Бул уюмдун корбашчысы Пенсильванияда ээн эркин жашап жатат. Бул мамилени аларга эч качан жараштыра албайбыз. Бул мамилесин бир гана Түркияга эмес, бүткүл дүйнөгө кылып жатат. Жалпы достук карым-катнаштарыбызга, НАТОдогу карым-катнаштарыбызга туруктуу болушун күтүүдөбүз. АКШ ички саясаты жагынан башы айланганын улантууда»,-деп айтты.

АКШ менен карым-катнаштарын оңдош үчүн Түркия өз милдетин аткарганын билдирген Чавушоглу: «Мажбурлоолор менен бир жерге жетишибиз мүмкүн эмес. Санкция жана санкциялар менен бир нерсеге жете албай турганын АКШнын эми билиши керек. Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрү да өз ичтеринде стандарттардан баш тартышса дагы биз стандарттарыбызда эң жогоруга карай кадам таштайбыз»,-деп айтты.

Сөзүндө ЕБ менен карым-катнаштарга токтолгон Чавушоглу: «Европа Биримдигинин визасыз режим тартиби тууралуу кадам таштоолорун күтүүдөбүз. ЕБ өлкөлөрү сыяктуу биз да Европада үй ээсибиз. Бүгүнкү күндө көйгөйлүү үй-бүлө болсо дагы, Европа биздин дагы үй-бүлөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар