АКШлык командир Түркияда...

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, АКШнын Европа күчтөрү командири, армия генералы Куртис Майкл Скапарроттини кабыл алды.

1024134
АКШлык командир Түркияда...

АКШнын Европа күчтөрү командири, армия генералы Кертис Скапаротти, Түркияга келди.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, АКШнын Европа күчтөрү командири, армия генералы Кертис Майкл Скапароттини кабыл алды.

Кабыл алууда генерал Куртис Скапаротти, Министрликтин ардак дептерине кол койду.

Министр Акар, андан соң Скапаротти менен макам бөлмөсүндө бетме-бет жолугушуу өткөрдү. Генерал Куртис Скапарротти жаңы кызматынан улам Акарды куттуктады.

АКШлык командир Скапаротти, андан соң башкы штаб төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер менен жолугушуу үчүн Башкы штаб төрагалыгына өттү.

Башкы штаб төрагалыгынын интернет барагынын жарыясына караганда армия генералы Гүлер, АКШнын Европа күчтөрү командири, армия генералы Кертис Скапаротти жана аны коштогон делегация менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Ирак жана Сириядагы жалпы абал менен НАТО темалары туурасында маалымат жана пикир алмашылды.

Сапар тууралуу АКШнын Европа күчтөрү командирлигинин социалдык медиа барагынан маалымат берилди.

Жолугушууда, ар түрдүү коргонуу темаларынан баштап эки өлкөнүн ортосундагы күчтүү аскердик карым-катнаштар карала турганы белгиленди.

Сириянын Манбиж аймагынын террордон тазаланышы тууралуу жол картасы, F-35 биргелешкен согуштук учак долбоору, ПАТРИОТтордун сатылышы темаларынын жолугушууларда алдыңкы планга чыгышы күтүлүүдө.

Скапаротти, борбор калаа Анкарадагы жолугушууларынан кийин Аданадагы Инжирлик базасында орун алган АКШ күчтөрүна барат, Измирдеги аскердик аземге катышат.



Тектеш кабарлар