Президент Замбияда
Президент Р. Т. Эрдоган Африка турунун экинчи аялдамасы Замбияда.
Президент Эрдоган Түштүк Африка Республикасындагы жолугушууларынан кийин барган Замбияда Лусака Кеннет Каунде аэропортунда кесиптеши Едгар Лунгу жана жубайы Естер Лунгу тосуп алды. Делегацияларын бири бирине тааныштырган Эрдоган менен Лунгу андан кийин Тиянжане маданий бий тобунун чыгармачылыгын көрдү. Эрдоган андан кийин Лусакада андан мурда Замбияда мамлекет башчылыгын аткарган үч ысымдын кабырлары орун алган президенттик көрүстөндү зыярат кылды.
Кийинки аялдамасы президенттик сарай болгон Эрдоган кесиптеши менен оболу жекеме - жеке сүйлөшөт андан кийин делегациялар аралык сүйлөшүүгө өтүшөт. Сүйлөшүүлөр учурунда маанилүү келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдиги Эрдоганга ыраазычылыгын билдирди
Бул тууралуу Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдиги тарабынан жазуу түрүндөгү билдирүү жарыяланды.