Президент Р. Т. Эрдога Түштүк Африка Республикасында

Президент Р. Т. Эрдоган Түштүк Африка Республикасынын Йоханнесбург шаарында өткөрүлгөн 10 -  BRICS саммитинин негизинде жолугушууларын улантууда.

1020869
Президент Р. Т. Эрдога Түштүк Африка Республикасында

Президент Р. Т. Эрдоган Түштүк Африка Республикасынын Йоханнесбург шаарында өткөрүлгөн 10 -  BRICS саммитинин негизинде жолугушууларын улантууда.

Саммиттин акыркы күнүндө Sandton Convention Centreде мүчө жана чакырылган өлкөлөрдүн лидерлеринин катышуусу менен фотографияга түшүштү.

Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектешкен башкаруучусу катары саммитке чакырылган Президент Эрдоган да фотографияга түштү. Эрдоган BRICS Outreach иш алып баруу жыйыны менен түшкү тамакка катышты.

Президент Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө экономикадагы глобалдык системанын азчылык бир группадан башка эч кимди канаатандырбагандыгын белгилеп бул абалдын өзгөрүшү керектигин айтты.

Эрдоган : «Адилеттүү жана тарапсыз эл аралык насыя рейтингине баа берүү мекемесинин түзүлүшү максатында BRICSтин негизинде жана Түркияда ар башка алып барылган иштерде орток кыймыл кыла алабыз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар