Чоң жыйырмалыктын жыйналышына Түркиядан Албайрак катышууда

Жыйналыштын АКШ жарыялаган соода согушунун көлөкөсүндө өтүшү күтүлүүдө.

1016859
Чоң жыйырмалыктын жыйналышына Түркиядан Албайрак катышууда

Дүйнөнүн эң чоң 20 экономикасы талкууланган Чоң жыйырмалыктын (G-20) жыйналышы Аргентинанын борбор калаасы Буэнос-Айресте башталды.

Каржы министрлери жана борбордук банк төрагалары катышкан жыйналышта, Түркияны казына жана каржы министри Берат Албайрак менен катар Борбордук банктын төрагасы Мурат Четинкая өкүлдүк кылууда.

Жыйналыштын АКШ жарыялаган соода согушунун көлөкөсүндө өтүшү күтүлүүдө.

Программасы абдан тыгыз болгон Албайрак, АКШлык кесиптеши Стивен Мнучин менен жолукту.

Чоң жыйырмалыкка мүчө өлкөлөр Дүйнөлүк экономиканын 85 пайызын, калкынын санынын үчтөн экисин түзүп турат. Эл аралык сооданын да төрттөн үчүн ишке ашырууда.

Дүйнөнүн эң өнүккөн 20 экономикасынын каржы министрлери менен борбордук банктарынын төрагалары Буэнос-Айресте глобалдык экономиканы талкуулап жатышат.

Жолугушуулар АКШнын кошумча бажы салыктарды киргизип Европа Биримдиги, Кытай, Канада жана Мексика сыяктуу өлкөлөр менен баштаган соода согушунун көлөкөсүндө өтүүдө.

Канадагы саммиттин тескерисинче татаал болсо дагы бул жыйналыштан биргелешкен декларация чыга турганы божомолдонууда.

Казына жана каржы министри Албайрактын алгачкы күндөгү программасы мындай өттү.

Албайрак, Индонезиянын каржы министри  Шри Мульяни Индравати, Германиянын каржы министри Олаф Шольц, Франциянын экономика жана каржы министри Бруно Ле Мейр, Кытайдын каржы министри Лю Кун, Бразилиянын каржы министри Эдуардо Гвардия, Түштүк Кореянын стратегия жана каржы министри Донг Йон Ким, Европа Биримдиги Комиссиясынын экономика жана каржы иштери боюнча жооптуу комиссары Пьер Москович жана АКШнын казына министри Стивен Мнучин менен жолукту.

Берат Албайрак Чоң жыйырмалыктын үй-бүлө фотосүрөтүнө түштү.



Тектеш кабарлар