Түркия менен АКШнын иш алып баруу группасынын жыйыны

Жыйын Анкарада өткөрүлүүдө.

1011768
Түркия менен АКШнын иш алып баруу группасынын жыйыны

Түркия менен АКШнын иш алып баруу группасынын жыйыны борбор шаар Анкарада өткөрүлүүдө.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Түркия менен АКШ техникалык деңгээлде эки тараптуу карым  - катнаштардын түрдүү өлчөмдөрү, ар башка себептер менен иреттүү түрдө каралууда.

Ушунун алкагында тышкы иштер министрлигинде өткөрүлгөн жыйында башта террорист корбашысы Фетуллах Гүлендин тапшырылышы, ФЕТӨ террордук уюму менен күрөш, эки өлкөнүн ортосунда юстициялык кызматташтык жана эки өлкөдө камоодогу түрк жана АКШ жарандары тууралуу пикир алышууларда болушат.

Жыйында эки өлкө юстиция, ички иштер жана тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери орун алды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун  16 -  февралдагы Түркия сапарында пикир айырмачылыктарын жоюп жана бири бирине карата ишенимди кайрадан түзүү максатында эки өлкөнүн ортосунда механизмдин курулушуна чечим чыгарылган.

Ушунун негизинде түзүлгөн 3 иш алып баруу группасынын бирөөсү ФЕТӨ, консулдук, виза, мыйзамдык темалар жана АКШнын Түркияда камоодогу жарандары түзүүдө.

Жыйындан кийин орток билдирүүнүн жасалышы күтүлүүдө.

 

 



Тектеш кабарлар