Жашыл категориядагы ПККлык террорист жок кылынды

Бул террористтин 6-июлдагы операцияда жок кылынгандыгы билдирилди.

1008603
Жашыл категориядагы ПККлык террорист жок кылынды

Изделген террористтердин тизмесинде жашыл категорияда орун алган «Сердар» деген каймана аттуу Серкан Тан жок кылынды.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө "Изделген террористтердин тизмесинде" жашыл категориядагы жикчил террордук уюм ПККлык террористтердин өлүү табылгандыгы белгиленди.

Террористтин Шырнактын Бейтүшшебап районунун Акарсу айылынын Дүзкавак аймагында 6-июлда болгон операцияда таасирсиз кылынгандыгы маалымдалган билдирүүдө, жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө бул террористтин жашыл категорияда изделген «Сердар» деген каймана аттуу Серкан Тан экендигинин аныкталгандыгы белгиленди.

Ошондой эле аты аталган террористтин Ботан Саха Ван аймагынын бештик аткаруу жооптуусу экени, андан соң уюмдун жогорку жетекчилиги тарабынан Ван аймагынын коомчулук менен байланыш жана каржы бөлүмүнүн жооптуусу катары дайындалгандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар