Эрдоган бүгүн ант берип кызматын баштайт

Режеп Таййип Эрдогандын, Президенттик комплексинде боло турган «Президенттик кызматын баштоо аземине» 22 мамлекет башчы, 28 премьер-министр жана парламент төрагасы менен 6 эл аралык уюмдун баш катчылары катышат.

1008644
Эрдоган бүгүн ант берип кызматын баштайт

Режеп Таййип Эрдогандын, Президенттик комплексинде боло турган «Президенттик кызматын баштоо аземине» 22 мамлекет башчы, 28 премьер-министр жана парламент төрагасы менен 6 эл аралык уюмдун баш катчылары катышат.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия убактысы боюнча саат 16:30да Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын (ТУУЖ) Жалпы кеңешинде ант берет, андан соң Республиканын куруучусу Ататүрктүн көрүстөнү орун алган Аныткабырга барып гүлчамбар коет.

Президенттик комплексинде Түркия убактысы боюнча саат 18:00де көп сандаган чет өлкөнүн өкмөт, парламент жана делегация башчылары менен катар Түркиянын бардык катмарларын өкүлдүк кылгандардын катышуусу менен Президенттик кызматты баштоо аземи өткөрүлөт.

Ушул алкакта Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Болгариянын президенти Румен Радев, Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили, Македониянын президенти Георгий Иванов, Молдованын президенти Игорь Додон, Босния-Герцеговинанын президенттик кеңешинин президенти Бакир Изетбегович, Сербиянын президенти Александр Вучич, Косовонун президенти Хашим Тачи, Катардын эмири шейх Темим Бин Хамад Эль-Сани, Пакистандын президенти Мемнун Хусейни, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы,   Судандын президенти Омар аль-Башир, Гвинеянын президенти Альфа Конде, Замбиянын президенти Эдгар Лунгу, Гвинея-Биссаунун президенти Жозе Марио Ваз, Эквадориалдык Гвинея Республикасынын Президенти Теодоро Обианг, Сомалинин президенти Мухаммад Абдуллахи Мухаммед Фармахо, Мавританиянын президенти Мохамед Ульд Абдель Азиз, Габондун президенти Али Бонго Ондима, Чад Республикасынын  Президенти Идрис Деби Итно, Жибутинин президенти Исмаил Омар Геллех, Венесуэланын президенти Николас Мадуро Түркияга келишти.

Президент Эрдоган аземден кийин коноктордун урматына кечки сый тамак берет.



Тектеш кабарлар