Түрк учкучтары F-35 согуштук учагы менен учуу билимин ала башташат

Бул туурасында жумалык басма сөздү маалыматтандыруу жыйналышында күн тартипке сереп салган полковник Мэннинг айтты.

1004701
Түрк учкучтары F-35 согуштук учагы менен учуу билимин ала башташат

АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы, полковник Роб Мэннинг, Түркиянын F-35 согуштук учагынын учкучтары жана техникалык кызматкерлеринин жакынкы бир убакта Аризонада учуу билим алууларын баштай турганын жана АКШ өкмөтүнүн Түркиянын F-35 программасына кошулуусу темасында азырынча кандайдыр бир чечим чыгара электигин айтты.

Жумалык басма сөздү маалыматтандыруу жыйналышында күн тартипке сереп салган полковник Мэннинг: «Түркиянын эки F-35  учагынын Аризонадагы Лук аба күчтөрү базасына барганын билебиз. Түрк учкучтары жана техникалык кызматкерлери да Лук аба базасына келишти жана кыска мөөнөттүн ичинде учуу академиясын башташат»,-деди.

Учурдагы келишимдердин алкагында учактын бир топко дейре АКШда байкоодо боло турганын белгилеген Мэннинг, бул мөөнөттүн учакты ала турган өлкөнүн учкучтарынын билим алууларынын бүтүрүлүшүнө байланыштуу экенин жана мунун орто эсеп менен 1-2 жылды алаарын белгилеп өттү.

АКШнын Конгрессинде F-35 согуштук учагынын Түркияга берилишине бөгөт коюуга карай аракеттер болгонуна да токтолгон Мэннинг: «АКШ өкмөтү, азырынча Түркиянын F-35 орток чабуул учак программасына катышуусу темасында чечим чыгарган жок. Түркия жакын жана маанилүү НАТО шериктеши, ошондй эле 2002-жылдан бери F-35 программасынын эл аралык катышуучусу болуп саналат»,-деп айтты.

Ошол эле жыйналышта сөз сүйлөгөн Пентагондогу биргелешкен программалар бөлүмүнүн катчысы подполковник Майк Эндрюс дагы Аризонада билим алган түрк учкучтарынын бир-эки айдын ичинде учууларын баштай турганын тастыктады.

Саясат өзгөрүүсү болгон учурунда Түркиянын мүлктүк укугун өткөрүп алган F-35 согуштук учагын алып албай турганы жөнүндөгү суроого подколковник Эндрюс: «Сенат (F-35 учагынын Түркияга берилишине) бөгөт коюу үчүн добуш берди. Конгресстин бир добушу бар. Президенттин да бир добуш укугу бар. Ошондуктан бул жерде менден спекуляция кылуумду талап кылуудасыздар»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар