Генетикасы өзгөрүлбөгөн пахта өндүрүүчүсү өлкө бир гана Түркия
ICACтын техникалык маалыматтар бөлүмүнүн төрагасы Кешав Кранти генетикасы өзгөртүлбөгөн пахта өндүрүүчүсү өлкөнүн Түркия экендигин айтты.
Эл аралык пахта боюнча кеңешүү комитети ICACтын техникалык маалыматтар бөлүмүнүн төрагасы Кешав Кранти генетикасы өзгөртүлбөгөн пахта өндүрүүчүсү өлкөнүн Түркия экендигин айтты.
Эгей экспортчулар биримдигинин 2020 – жылы Измирде өткөрө турган Дүйнөлүк пахта боюнча изилдөө конференциясынын негизинде Айдын обулусуна келген Эл аралык пахта боюнча кеңешүү комитети ICAC делегациясы Назили пахта изилдөө институтуна барды.
ICACтын аткаруу директору Кай Хьюз жана ICAC техникалык маалыматтар бөлүмүнүн төрагасы Кешав Кранти институттун жүргүзгөн иликтөөлөрү тууралуу иснтитуттун директору Корай Шимшектен маалымат алды. Кранти журналисттерге берген маалыматында Түркиянын дүйнөлүк пахта өнүрүшүндөгү ордун белгиледи.
Пахтада түшүмдүүлүктүн абдан маанилүү экендигин айткан Кранти : «Түркия түшүмдүүлүктө дүйнөдө экинчи орунда турат. Генетикасы өзгөртүлбөгөн пахта өндүргөн бир гана өлкө Түркия. Бул абдан маанилүү өзгөчөлүк. Түркия пахтада түшүмдүүлүк жана сапаты жактан дүйнөдө эң жогорку орунда. Бул эч талашсыз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.