Президент Эрдогандын АК Партиянын башкы борборунан элге кайрылуусу

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган жеңиши боюнча Анкарада элге кайрылды.

999541
Президент Эрдогандын АК Партиянын башкы борборунан элге кайрылуусу

Жаңы өкмөт системасынын алгачкы президенти болуп шайланган Режеп Таййип Эрдоган шайлоону жеңген демократия жана улуттук эрк болгонун айтып өттү.

Президенттик жана 27-чакырылыштагы парламенттик шайлоолордон кийин Стамбулдагы программасын бүтүрүп борбор шаар Анкарага келген президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын башкы борборунун балконунан атуулдарга кайрылды.

Кубанычтары, сүйүүлөрү, колдоолору жана аэропорттон башкы борборго дейре жол бою тосуп алуу аземинен улам анкаралыктарга ырахматын айткан Эрдоган: «Колдорун ушалап Түркияны чөгөлөтө турганын күткөндөргө сабактарын баардыгыбыз чогуу бердик»,-деди.

Шайлоого барган ар кимге ырахмат айткан Эрдоган: «Бугүндөн кийин да көзүбүз жана кулагыбыз кайра улутубузда болот. Дароо эртеңден баштап, улутубузга берген убадаларды орундатыш үчүн чуркай баштайбыз. Жаңы башкаруу системабыз тууралуу даярдыктарыбызды чоң өлчөмдө бүтүрдүк. Парламент чогулуп, президенттик антыбызды бергенге дейре бул иштерди кайрадан карап чыгып, жетилтебиз. Ант берүү аземинен кийин дароо министрлерибизди,бюрократтарыбызды белгилеп программабызды ишке ашыра баштайбыз. Түркиянын корото турган кымындай бир убактысы жок экенинин билүү менен күн-түн дебестен иштейбиз»,-деп айтты.

Түркиянын демократия сабагын бүткүл дүйнөгө үлгү болгудай түрдө артка калтырганын айткан Эрдоган: «Улутубуз үкөктө тандоосун 16 жылдан бери болгону сыяктуу бул ирет да урушуу менен эмес, кызмат үчүн колдонду. Жеңген демократиябыз, жеңген кызмат саясаты, жеңген улуттук эрктин үстөмдүгү, жеңген Түркия, жеңген түрк улуту, жеңген аймагыбыздагы бардык карапайым калк, жеңген дүйнөдөгү бардык жабыркаган калк болду»,-деп айтты.

Түркия тандоосун жикчил террор уюму ПКК, Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ сыяктуу бардык террордук уюмдары менен чечкиндүү түрдө күрөшүүгө карай кылганын жактаганын белгилеген Эрдоган: «Бул жыйынтыктар ошол эле убакта Сириянын территориясын эркин кылууга жана өлкөбүздөгү конок туугандарыбыздын коопсуз түрдө үйлөрүнө кайтуу жолдорун ачуусун уланта турганынын белгиси болуп саналат. Бул жыйынтыктар, ошол эле убакта Түркия дүйнө жүзүнүн кайсы жеринде болсо болсун бардык эзилген калктардын жана жабыркагандардын колунан жетелөөсүн уланта турганынын белгиси»,-деди.



Тектеш кабарлар