Лидерлер добуштарын беришти

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Исмаил Кахраман : «Үкөктөн эмне чыкса ошол болот»,- деди.

998412
Лидерлер добуштарын беришти

Президенттик жана парламенттик шайлоо үчүн лидерлер добуштарын беришти.

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Исмаил Кахраман добушун Анкарада Чанкая башталгыч мектебинде берди. Тарыхый шайлоонун болуп жаткандыгына көңүлдөрдү бурган спикер Исмаил Кахраман : «Үкөктөн эмне чыкса ошол болот»,- деди.

Премьер  - министр Бинали Йылдырым добушун Измирдин Карабаглар районунда балдары тарабынан курулган энеси Бахар Йылдырым атындагы башталгыч мектепте берди. Бинали Йылдырым бул жерде : «Добушубузду бердик. Жарандык милдетибизди аткардык. Мамлекетибиз жана элибиз  үчүн эң мыктысы болот. Бул шайлоодо президентибизди жана депутаттарды бир учурда шайлап жатабыз. Жаңы система менен Түркия жаңы максат, ырааттуулук жана  ишеним ичинде алдыга жылууну улантат»,- деди.

«Кызматыңызды өткөрүп бере албайсыз, акыркы премьер министрсиз. Эмнелерди айтар элеңиз»,- деген суроого тамаша менен : «Орундук колумда калды. Аукционго чыгарам»,- деп жооп берди.

Республикалык элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдаролу добушун Анкарада Чукурамбар  - Аргентина башталгыч мектебинде берди. Кемал Кылычдароглу жалпы Түркияда ушул кезге чейин олуттуу бир маселенин чыкпагандыгын белгилеп : «Үкөк башында кызмат кылган кызматкерлер  өз милдетин аткарса демократия тууралуу эч бир санаабыз болбойт»,- деди.  

Республикалык элдик партиясы ЖХПнин президентикке талапкери Мухаррем Инже добушун туулган жери Яловада берди. Мухаррем Инже : «Мекен, эл үчүн эмне мыкты болсо ошол болсун»,- деди.

Улуу биримдик партиясынын  лидери Мустафа Дестижи добушун Анкарада берди. Дестижи : «Бүгүн кечинде үкөктөн чыккан жыйынтыктар улуттук эркти көрсөтөт»,- деди.

ИЙИ  партиясынын президентикке талапкери Мерал Акшенер Стамбул шаарынын Бейлербейи районунда Сабанжы башталгыч мектебинде добуш берди.

Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели добушун Анкарадагы Аныттепе лицейинде берди. Бахчели : «Тынчтык жана ишеним чөйрөсүндө өткөн шайлоо менен Түркия жаңы бир мезгилге кирет»,- деди.



Тектеш кабарлар