Манбиж калкынан түрк куралдуу күчтөрүнө колдоо

Түрк куралдуу күчтөрү районду ПКК/ПЙД – ЙПГден  тазалоонун негизинде  18 -  июнда биринчи, кечээ болсо экинчи күзөт ишин аткарды.

996993
Манбиж калкынан түрк куралдуу күчтөрүнө колдоо

Сириянын Манбиж аймагында күзөттө турган түрк аскерине аймак калкы колдоо көрсөтүүдө.

Манбиждеги дамалха жана тай уруулары да түрк аскеринин Манбижден ПКК/ПЙД – ЙПГден тазалоо иштеринин алкагында күзөттө турушун колдошкондорун билдирди.

Эки уруу да жазуу түрүндөгү эки башка маалыматында : «Бир тууган түрк куралдуу күчтөрүнүн Манбижге кирип коопсуздук жана ырааттуулукту түзүшүн колдойбуз»,- деп билдиришти.

Маалыматта ПКК/ПЙД – ЙПГнин райондон чыгышы жана башкаруунун жергиликтүү калкка өткөрүлүп берилиши керектиги белгиленди.

Манбиж калкынын 90 пайызы араптардан турат. Андан мурда да райондун эң чоң уруусу елбубанна менен башка уруулар биргеликте түзгөн бекаре уруусу түрк аскерине берген колдоосун билдирген.

Түрк куралдуу күчтөрү районду ПКК/ПЙД – ЙПГден  тазалоонун негизинде  18 -  июнда биринчи, кечээ болсо экинчи күзөт ишин аткарды.



Тектеш кабарлар