Өлкө тышында добуш берүү

1 миллион 486 миң 408 шайлоочу добуш берди.

995809
Өлкө тышында добуш берүү

 24 -  июндагы президенттик жана парламенттик шайлоо үчүн өлкө тышында 1 миллион 486 миң 408 шайлоочу добуш берди.

Өлкө тышындагы өкүлчүлүктөрдө добуш берүүнүн аякташынан кийин Жогорку Шайлоо Кеңеши тышкы өкүлчүлүктөрдө жана ушул кезге чейин бажы капкаларында берилген добуштар тууралуу маалыматтарды жарыялады.

Маалыматтарга караганда өлкө тышындагы шайлоочу тизмесине катталган 3 миллион 47 миң 323 шайлоочунун 1 миллион 486 миң 408зи, 24 – июндагы президенттик жана парламенттик шайлоо үчүн добуш берүү менен рекордго жетти.

Тышкы өкүлчүлүктөрдө жана ушул кезге чейинки бажы капкаларындагы добуш берүү катнашы 48, 78 пайызга жетти.

Шайлоочулар өлкө тышында 60 өлкөдө, 123 өкүлчүлүктө добуш берди. Шайлоочулардын 1 миллион 357 миң 676сы тышкы өкүлчүлүктөрдө добуш берсе, 128 миң 732 түрк жараны да бажы капкаларында добуш берди.

Өлкө тышы шайлоочу тизмесине катталган жарандар добуштарын бажы капкаларында 24 -  июнь күнү Түркия убактысы боюнча 17ге чейи бере алышат.

2012 – жылдагы түзөтүү менен бирге өлкө тышындагы түрк жарандарына добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берген, өлкө тышындагы шайлоочу биринчи жолу 2014 -  жылы болгон президенттик шайлоодо добуш берген.

Тышкы өкүлчүлүктөрдө жана  бажы капкаларында 2015 -  жылы 7 -  июнда парламенттик шайлоолордо 1 миллион 56 миң, 2015 – жылы 1 -  ноябрда парламенттик шайлоолордо 1 миллион 300 миң жана 2017 -  жылы  16 -  апрелдеги элдик добуш берүүдө болсо 1 миллион 400 миң шайлоочу добуш берген.

24 -  июндагы президенттик жана парламенттик шайлоо үчүн көп сандаган түрк шайлоочуга ээ өлкөдөгү добуш берүүнүн катнаштарынын өзгөчө Бельгия жана Швейцарияда жогору экендиги көрүндү.

Маалыматтарга караганда 142 миң 463 катталган шайлоочу болгон Бельгияда 82 миң 423 киши добуш берип, шайлоого 57, 86 пайыздык катнашта жогорку катышууну көрсөттү.

Швейцарияда да 98 миң 929 катталган шайлоочунун 56 миң 96сы үкөккө барып добуш берүү катнашын 56, 7 пайызга чыгарды.

Өлкө тышында 1 миллион 443 миң 585 түрк шайлоочу менен эң көп катталган шайлоочу болгон Германияда болсо добуш берүү катнашы 717 миң 992 добуш менен 49, 74 пайызга жетти.

Германиядан кийин эң көп түрк шайлоочу болгон Францияда болсо 340 миң 751 шайлоочунун 170 миң 901ри добуш берип добуш берүү катнашын 50, 15 пайызга жогорулатты. Маалыматтар 260 миң 264 шайлоочу болгон Голландияда да 130 миң 383 кишинин добуш бергендигин, добуш берүүгө катышуу катнашынын болсо 50, 1 пайыз экендигин көрсөттү.

Австрияда болсо добуш берүү катнашы 106 миң 657 катталган шайлоочунун 55 миң 273нүн добуш бериши менен бирге 51, 83 пайыз болуп ортого чыкты.

Бириккен королдукта катталган 99 миң 250 шайлоочунун 47 миң 517си добуш берди. Бириккен Королдуктагы добуш берүү катнашы 47, 88 пайыз болду.

Жалпы Европада эң көп добуш берүү Люксембургда болгондугу көрүлдү. Катталган шайлоочу саны 778 болгон Люксембургда 10 миң 240 киши добуш берип добуш берүү катнашын 1316 пайызга жогорулатты. Люксембургдагы жогорку катышуу катнашынын Германия, Франция жана Бельгиядан барган шайлоочулардан улам жогору  экендиги ойлонууда.

Жогорку сандагы түрк шайлоочуга ээ болгон өлкөлөрдөн АКШда болсо добуш берүүнүн катнашы Европа өлкөлөрүнүн артында калды. Маалыматтар 106 миң 301 катталган шалоочу болгон АКШда 37 миң 75 кишинин добуш бергендигин, мунун да 34, 88 пайыздык катышуу катнашына тең келгендигин көрсөттү.



Тектеш кабарлар