Түрк Кызылайы Мусулда ооз ачырды

Решадийе аймагында түрк Кызылайы тарабынан 600 кишилик ооз ачыруу болду.

989172
Түрк Кызылайы Мусулда ооз ачырды

Ирактын Мусул шаарында түркмөндөр көп жашаган Решадийе аймагында түрк Кызылайы тарабынан 600 кишилик ооз ачыруу болду.

Ооз ачырууда сөз сүйлөгөн түрк Кызылайынын төрагасы Керем Кынык бул жылы Рамазан айында дүйнөнүн 35 өлкөсүндө ооз ачыруу жана зоорлук берилгендигин, 10 миллион кишиге гуманитардык жардам таркатылгандыгын айтты.

Программадан кийин журналисттерге маалымат берген Кынык бул аймактардын кыйынчылык тарткандыгын баса белгилеп : «Бул аймактар душман болгон ички жана тышкы күчтөр тарабынан бөлүнүп жарылды. Миңдеген жылдык Мусул талкаланды. Бул аймактар биздин көңүл аймагыбызда орун алды. Бул жерде туугандарыбыз бар. Бул  жердеги кыйынчылыктарды эч качан карап турган жокпуз»,- деди.



Тектеш кабарлар