Түркиянын жаңы бор стратегиясы

Албайрак, жаңы бор стратегиясын таанытуу жыйналышында Түркиянын жаңы бор стратегиясы туурасында маалымат берди.

988294
Түркиянын жаңы бор стратегиясы

Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак, бор карбид технологиясы менен бор кенин пайдалануучу затка айлантып анын баасын эки миң эсе жогорулата тургандарын айтты.

Албайрак, жаңы бор стратегиясын таанытуу жыйналышында Түркиянын жаңы бор стратегиясы туурасында маалымат берди.

Кытайлык Далиан Жинма фирмасы менен Эти Мадендин келишиминин алкагында Балыкесирде бор карбид ишканасын кура тургандарын түшүндүргөн Албайрак: «Бор карбид технологиясы менен бор кенин пайдалануучу затка айлантып анын баасын эки миң эсе жогорулатабыз. Бор карбид менен 400 доллардан 400 миң долларга жогорулаган кошумча нарк пайда болот»,-деди.

Албайрак: «Дүйнөдөгү эң сапаттуу бор запастарынын 73 пайыздан көбү Түркияда. Өндүрүү жагынан да дүйнөдө алдыңкы орундабыз. Эти Маден 2017-жылы 2,2 тонна сатып дүйнөлүк рынокто 50 пайыздан ашып тарыхый кадам таштады»,-деп айтты.


Этикеткалар: #бор кенин

Тектеш кабарлар