Мехмет Шимшек Лондондо

Вице  - премьер - министр Мехмет Шимшек Лондондо инвесторлор менен өткөргөн жыйындын түшүмдүү өткөндүгүн белгиледи.

982149
Мехмет Шимшек Лондондо

Вице  - премьер - министр Мехмет Шимшек Лондондо инвесторлор менен өткөргөн жыйындын түшүмдүү өткөндүгүн белгиледи.

Түркия республикасынын Борбордук банкынын төрагасы Мурат Четинкая менен Британиянын борбор шаар Лондондо кечээ инвесторолор менен жолугушкан Мехмет Шимшек жолугушуулары тууралуу социалдык медиа аркылуу билдирди.

«Лондондогу жолугушууларыбыз абдан түшүмдүү өттү. Инвесторлордун кызыгуусу абдан чоң. Саясатыбызды күчтөндүрдүк. Экономикада кайрадан тең салмактуулукту түзүү процесси башталды. Информация жана экономикалык кемчилик менен күрөшүү негизги алдыңкылыктарыбыз. Шайлоодон кийин структуралык реформаларды дагы да ылдамдатабыз»,- деди.

Ошол эле учурда вице  - премьер  - министр Шимшек Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму ОЕСДнин министрлер кеңешинин жыйынына катышат. «Глобалдык  мааниде ОЕСД: башкы катчынын стратегиялык кыймылдары» деген отурумда сөз сүйлөйт.



Тектеш кабарлар