Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо болот

Чет өлкөдөгү түрк шайлоочулар, 60 өлкө жана 123 өкүлчүлүктө өз добуштарын бере алышат.

980417
Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо болот

24-июнда өтө турган президенттик жана 27-чакырылыштагы парламенттик шайлоо үчүн чет өлкөдөгү түрктөр 7-июнда добуш бере башташат.

Чет өлкөдөгү түрк шайлоочулар, 60 өлкө жана 123 өкүлчүлүктө курула турган үкөктөрдө 19-июнга чейин өз добуштарын бере алышат.

Бажы бекеттеринде болсо добуш берүү процесси 7-июнда башталып 24-июнда аяктайт.

Өлкөлөргө жараша добуш берүү күндөрү төмөнкүчө:

Германия, Австрия, Франция: 7-19-июнь

АКШ, Австралия, Люксембург: 9-17-июнь

Дания: 9-19-июнь

Норвегия: 14-19-июнь

Италия, Түркмөнстан: 15-17-июнь

Бельгия, Нидерландия, Швецария: 15-19-июнь

Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Канада, Болгария: 16-18-июнь

Улуу Британия: 16-19-июнь

Кытай, Орусия, Румыния, Сауд Аравия, Бахрейн, Греция, Ливан, Израиль, Украина, Бириккен Араб Эмирликтери, Босния-Герцеговина, Алжир, Финляндия, Швеция, Казакстан, Кыргызстан, Македония, Судан: 16-17-июнь

Азербайжан, Албания, Ирак, Иран, Ирландия, Испания, Египет, Мальта, Өзбекстан, Сербия, Чех Республикасы, Венгрия, Польша, Түштүк Африка, Грузия, Япония, Косово, Кувейт, Молдова, Сингапур, Таиланд: 17-июнь

Добуштар мурдагы шайлоолордо болгону сыяктуу бул өлкөлөрдөн учак же дипломатиялык курьер менен Түркияга алып келинет.

24-июнда Түркияда добуш берүү процесси аяктагандан кийин добуштар ачылып саналат.



Тектеш кабарлар