Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын француз журналына каршылык көрсөттү

«Түркиянын силерден жолдомо алган күндөрү артта калды»

978814
Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын француз журналына каршылык көрсөттү

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Францияда чыккан «Le Point» журналынын Президент Р. Т. Эрдоган тууралуу чыккан капкагына каршылык көрсөттү. Ибрахим Калын : «Түркиянын силерден жолдомо алган күндөрү артта калды»,- деди.

Ибрахим Калын твиттерден «Le Point» журналынын бул жумадагы капкагына байланыштуу маалымат берди.

«Бир француз журналы Президент Эрдоганга диктатор дептир»,- деген Ибрахим Калын бул көз карашын бөлүшкөн : «Бул кол салууларды билебиз. Максаттарынын эмне экендигин да билебиз. Эл катары эмнелердин болуп жатканын байкап жатабыз. Түркиянын силерден жолдомо алган күндөр артта калды. Диктатор деп ал күндөрдү кайра алып келе албайсыңар».

 

 



Тектеш кабарлар