ТИКАнын кайрымдуулук иштери

ТИКА ливиялыктарга жардам таратууда.

977979
ТИКАнын кайрымдуулук иштери

Түрк кайрымдуулук мекемеси, Ливиядагы 1 миң 500 үй-бүлөгө жардам көргөздү.

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) Ливиянын Жардам жана өнүктүрүү фондуна, өлкөнүн түштүгүндөгү муктаждыгы бар 1 миң 500 үй-бүлөгө таратыла турчу орто эсеп менен 51 тонналык азык-түлүктү тапшырды.

Ар бир жардам баштыгында Рамазан айы бою бир үй-бүлөгө толук жете тургандай азык-түлүк бар.

ТИКА айрыкча алдыдагы айларда Ливиянын Триполи шаарындагы  жана түштүктөгү айрым аймактарга да жардам берүүнү пландап жатат.

ТИКАнын жардамдары Ливиянын Себха жана Убари шаарларына жөнөтүлсө, экинчи баскычта  өлкөнүн түштүгүндөгү Мурзук, Гат жана Катрун шаарларындагы жакыр үй бүлөлөргө жардам баштыгы жеткирилет.

Негизги азык-түлүктөр салынган баштыктарды таратууда өзгөчө согуштан жапа чеккен үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет.



Тектеш кабарлар