Самаркандда Фетих кубогу таанытылды

Билал Эрдоган : «Бул жер ошол эле учурда ислам дининин жана тарыхтагы улуу аалымдар чыккан жер»,- деди.

978337
Самаркандда Фетих кубогу таанытылды

Алтынчы Эл аралык Фетих кубогунун таанытылышы Өзбкстандын Самарканд шаарында болду.

Жаачылар фондунун башкаруусунун мүчөсү Билал Эрдогандын Фетих кубогунун биринчи окту атышы менен башталган таанытууга жаачылар фондунун төарагасы Хайдар Али Йылдыз, Өзбекстан спорт министри Шоакрам Исраилов сыяктуу көп сандаган конко катышты.

Билал Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Самарканддын Анадолу цивилизациясы деп аталган  бай маданияттын ата мекени экендигин баса белгиледи.

Билал Эрдоган : «Бул жер ошол эле учурда ислам дининин жана тарыхтагы улуу аалымдар чыккан жер»,- деди.

Хайдар Али Йылдыз да бул иш чаранын Самаркандда болушунан улам кубанычтуу экендигин билдирди.

Пресс  - жыйындан кийин биринчи ок Регистан аянтында атылды.

Билал Эрдоган жана делегациядагылар символдук ок аткандан кийин шаардын тарыхый жерлерин кыдырышты.

Фетих кубогу Түркия жаачылар федерациясы жана дүйнөлүк жаачылар федерациясынын биргелешкен аракети менен өткөрүлгөн эң чоң жаачылык жарышы катары билинет.

Эл аралык Фетих кубогу жаачылык жарышына бул жылы 50гө жакын өлкөдөн 500 спортчунун катышуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар