Түркия Диянет фонду мусулмандарга Куран китебин белек кылууда

Куран китеби 10 тилде басылып чыкты.

976367
Түркия Диянет фонду мусулмандарга Куран китебин белек кылууда

Түркия Диянет фонду (TDV) Рамазан айында 17 өлкө жана аймакта, 10 тилде басылып чыккан 55 миң даана Куран китебин таратат.

Түркия Диянет фонду «Белегим Куран болсун» долбоорунун алкагында Шри-Ланка, Колумбия, Сальвадор, Гватемала, Белиз, Гаити, Панама, Чили, Эквадор, Перу, Малави, Зимбабве, Гана, Казакстан, Нахчыван Автономдуу Республикасы, Сирия жана Кенияда мусулмандарга Куран китебин белек кылат.

Түрк, француз, англис, испан, араб, казак, азербайжан, ньянжа тамиль жана күрт тилдеринде басылып чыккан 55 миң даана Куран китеби, 17 өлкөдө мусулмандарга жеткирилмекчи.

Кайда кыйынчылык тарткан адамдар бар болсо ошол жерге жардамга чуркаган Түрк Диянет фонду, Разаман айынан улам 84 өлкөдөгү 326 аймакта ооз ачтыруу программалары жана Рамазан иш-чараларын өткөрүүдө.



Тектеш кабарлар