Бүткүл дүйнө жүзү ядролук куралдардан тазаланышы керек

Президент Эрдоган, элчилерге ооз ачтыруу программасында сөз сүйлөдү.

976192
Бүткүл дүйнө жүзү ядролук куралдардан тазаланышы керек

Президент Режеп Таййип Эрдоган, бүткүл дүйнөнүн ядролук куралдардан тазаланышы керектигин айтты.

Президент, «Адилеттик жана өнүгүү» партиясынын жетекчиси Эрдоган, партиясынын башкы борборунда өткөрүлгөн Салттык элчилерге ооз ачтыруу программасында сөз сүйлөдү.

Сөз сүйлөөсүндө, популисттик багыттуу ички жана тышкы саясаттын батыштык мамлекеттер менен катар дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүн барган сайын дагы көп багындырганын айткан Эрдоган: «Өзгөчө дүйнөлүк тынчтыкка зыян тийгизген бул кыйратуучу тышкы саясат түшүнүгүнүн көрүнүштөрүнүн бири да Ирандын атомдук келишими жана Кудс маселесинде ташталган кадамдар болуп саналат»,-деди.

Түркиянын атомдук энергиядан тынчтыкчыл максаттуу пайдаланылышын аягына чейин жактаганын баса белгилеген Эрдоган: «Ар бир өлкөнүн буга укуктуу экенин ойлойм. Энергетика муктаждыгын ушул жолдон камсыздагысы келген өлкөлөрдүн укугуна да ар кимдин урмат-сый көрсөтүүсү керектигине ишенебиз»,-деп айтты.

Эрдоган: «Кандайча дүйнөнүн 31 өлкөсүндөгү 450 атомдук станция биз үчүн коркунуч эмес болсо, абдан тыгыз текшерилген процесске башкаларыныкы да коркунуч жаратпайт. Өлкөбүз жана аймагыбыз үчүн негизги коркунуч ядролук куралдар болуп саналат. Жакынкы Чыгыш эң биринчи бул куралдардан тазаланышы керек, ал эмес бүткүл дүйнө ядролук куралдардан тазаланышы зарыл»,-деп айтты.

15 миңден ашуун ядролук дүрмөттөлгөн куралдарга ээ болгондордун ушул учурда дүйнөнү коркунучка салгандарын баса белгилеген Эрдоган: «Алар муну оңой эле колдонуп жатса ар кайсы өлкөлөрдө бул куралдарга ээ болгондор, алар үчүн эмнеге коркунуч жаратууда. Эгерде адилеттүү мамиле кыла турган болсок анда яролук куралдарга ээ болгон өлкөлөрдүн атомдук электр станцияларын коркунуч катары көрсөтүшүнүн дүйнөлүк коомдук пикирде эч бир ишендирүүчүлүгү жок. Биз Түркия катары Ирандын атомдук маселеси менен катар чечилген маселелердин кайрадан козголушун кабыл албайбыз. АКШнын Иран менен атомдук келишимден чыгуу чечимине каршы берки өлкөлөрдүн келишимге колдоо көрсөткөндөрүн билдиргендерин да абдан маанилүү деп ойлойбуз»,-деди.

 



Тектеш кабарлар