Түркияда президенттикке талапкерлердин так тизмеси жарыяланды

Расмий гезитте жарыяланган ЖШКнын жарлыгында, 24-июнда боло турган президент жана 27-чакырылыштагы эл өкүлдөрүн шайлоолордо орун ала турган президенттикке талапкерлердин ысымдары орун алды.

969553
Түркияда президенттикке талапкерлердин так тизмеси жарыяланды

Жогорку шайлоо кеңеши (ЖШК) президенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин так тизмесин жарыялады.

Расмий гезитте жарыяланган ЖШКнын жарлыгында, 24-июнда боло турган президент жана 27-чакырылыштагы эл өкүлдөрүн шайлоолордо орун ала турган президенттикке талапкерлердин ысымдары орун алды.

Жогорку шайлоо кеңешинин 9-майдагы 2018/426 номердүү жана кошумчасы, президенттик шайлоонун убактылуу талапкер тизмеси Расмий гезиттин 10-майдагы 30417 номердүү санында жарыяланган болуп, Президенттик шайлоонун убактылуу талапкер тизмесине 11-май жума күнү саат 17:00ге чейинки арыздарга Жогорку шайлоо кеңеши тарабынан баа берилип, каршы чыгуулардын четке кагылышына чечим чыгарылды.

Бул баа берүүлөрдүн жыйынтыгында Президенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин так ысымдары алфавиттик тизме менен; Догу Перинчек, Мерал Акшенер, Мухаррем Инже, Режеп Таййип Эрдоган, Селахаттин Демирташ жана Темел Карамоллаоглу деп белгиленди.

Жарлыкта талапкерлердин туулган күндөрү жана бүтүргөн университеттери боюнча маалыматтар да орун алды.



Тектеш кабарлар