Түркияда АКШнын Иран тууралуу чечимине сереп салуулар уланууда

Түркия, АКШнын Иран менен түзүлгөн келишимден чыгуу чечимин «бактысыз кадам» деп мүнөздөдү.

967192
Түркияда АКШнын Иран тууралуу чечимине сереп салуулар уланууда

Түркия, АКШнын Иран менен түзүлгөн келишимден чыгуу чечимин «бактысыз кадам» деп мүнөздөдү.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Түркиянын Ирандын атомдук программасы тууралуу чечүүчү жолдун табылышынын жалгыз жолунун дипломатия жана сүйлөшүүлөр экенин ар дайым жактаганын, өткөндө бул багытта тыгыз аракет кылганына басым жасады.

2015-жылы кабыл алынган Кеңири биргелешкен иш-аракет планы (JCPOA) ядролук куралдардын жайылуусуна бөгөт коюлушу темасында ташталган маанилүү кадам болгонун белгилеген жарыяда, «Аты аталган план эң татаал темалардын дагы сүйлөшүүлөр менен чечиле ала турганын көрсөткөн»,деген сереп салуусу орун алды.

АКШнын Иран менен түзүлгөн келишимден чыгуу чечими Түркиянын саясий чөйрөсүнөн да жаңырык тапты.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, бул чечимдин ыраатсыздык жана жаңы кагалышууларга алып бара турганын билдирди.

Бул темага социалдык медиа тармагынан сереп салган Калын, Түркиянын ядролук куралдардын ар түрдүүсүнө каршы чечкиндүү мамилесин уланта турганына басым жасап: «Иран менен түзүлгөн атомдук келишим калган өлкөлөр (кол койгон) менен уланат»,-деди.

Экономика министрлиги да Иран менен сооданын чектелбей турганын жарыялады.

Түркиянын Европа Биримдиги боюнча министри жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик болсо АКШнын Иран менен атомдук келишимден чыгуу чечиминин абдан жаман абалдарга алып бара турган жагдайга ээ экенин билдирип, күчүндө турган бул келишимдин бузулууга аракет кылынышынын абдан жаңылыш болгонун айтты.

Челик, расмий Твиттер барагынан, Ирандын атомдук иш-чараларына байланыштуу келишимдин маанилүү платформа болгонун жана Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин Ирандын келишимге ылайыктуу иш кылганын отчеттору менен тастыктаганын баса белгилеп: «АКШнын келишимден чыгууга чечим чыгарган болушу дагы жакшы көрүнүшкө кызмат кылбайт»,-деп жазды.


Этикеткалар: #Түркия , #АКШнын , #Иран

Тектеш кабарлар