Чавушоглу алдыдагы аптада АКШга барат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу,жеке менчик бир телеканалда күн тартипке сереп салды.

964968
Чавушоглу алдыдагы аптада АКШга барат

Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, АКШнын Түркияга айрым санкцияларды киргизе турганы жөнүндөгү айтымдарына каршылык көрсөттү.

Чавушоглу, жеке менчик бир телеканалда күн тартипке сереп салды.

Чавушоглу, F-35 согуштук учагынын сатылуусунун жоюлушу кабыл алынгыс боло турганын айтып жана эскертип: «Түркиядан жообун алышат, бул шериктештикке сыйбаган нерсе»,-деди.

Чавушоглу АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолугушуу үчүн алдыдагы аптада АКШга бара турганын айтты.

Орусияга визасыз саякат тартиби темасында да маанилүү маалыматтарды берген Чавушоглу: «Визаларды быйыл толугу менен болбосо да расмий жана кызматтык паспортторго жоюуну сунуштады орустар. Жарым жартылай болсо да быйыл визалар жоюлат»,-деди.

 



Тектеш кабарлар