Партиялардын президентикке талапкерлери

Президент Р. Т. Эрдогандын талапкерлиги кечээ расмийлешти.

964269
Партиялардын президентикке талапкерлери

24 -  июнда өткөрүлө турган президенттик шайлоонун талапкерлери белгилүү болду.

Президент Р. Т. Эрдогандын талапкерлиги кечээ расмийлешти.

Адилтеттик жана Өнүгүү партиясы менен Улуттук Кыймыл Партиясы бирдикте талапкер көрсөткөн президент Эрдогандын талапкерлиги үчүн Жогорку Шайлоо Кеңешине кайрылуу жасалды.

Эрдогандын президенттик талапкерлиги үчүн ; премьер  - министр жана Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын фракция жетекчиси, премьер  - министр Бинали Йылдырым менен Улуттук Кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели Жогорку Шайлоо Комиссиясына бирдикте кайрылышты.

Йылдырым менен Бахчели партияларынын фракция чечимдерин тапшырышты. Респуликалык элдик партиясынын президентикке талапкери болсо Ялова депутаты Мухаррем Инже болду.

Мухаррем Инженин талапкерлигин Респуликалык элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу билдирди.

Жогорку Шайлоо Комиссия президенттик талапкерлик процессинин ичинде кайрылган Ватан партиясынын лидери Догу Перинчек, ИЙИ партиясынын лидери Мерал Акшенер, Саадет партиясынын лидери Темел Карамоллаоглу жана Адилеттик партиясынын лидери Веждет Өздүн кайрылууларынын кабыл алынгандыгын билдирген.

ИЙИ партиясынын лидери Мерал Акшенер да президенттикке талапкерлик үчүн кол топтоо процессин баштатты.

Стамбулда Үскүдар Шайлоо Комиссиясына барган Акшенер өзүнүн талапкерлиги үчүн кол койду. Мераль Акшенердин президентикке талапкер болушу үчүн 100 миң кишинин кол коюсу менен кайрылышы керек.

 

 



Тектеш кабарлар