Түндүк Корея жана Түштүк Кореянын лидерлеринин жолугушуулары коркууларды жойгон жолугушуу болду

Расмий сапар менен кечээ Түштүк Кореяга барган Эрдоган, кесиптеши Мун Чжэ Ин тарабынан расмий азем менен тосулду.

962133
Түндүк Корея жана Түштүк Кореянын лидерлеринин жолугушуулары коркууларды жойгон жолугушуу болду

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түндүк Корея жана Түштүк Кореянын лидерлеринин өткөн аптадагы жолугушууларынын коркууларды жойгон жолугушуу болгонун айтты.

Расмий сапар менен кечээ Түштүк Кореяга барган Эрдоган, кесиптеши Мун Чжэ Ин тарабынан расмий азем менен тосулду.

«Көгүш үй» катары билинген Президенттик комплексиндеги тосуп алуу аземи өткөн залда президент Эрдоган менен Түштүк Кореянын президенти Мун бир сааттай өз алдынча жолугушуу өткөрдү.

Андан соң делегациялар аралык жолугушууларга жетекчилик кылышкан эи лидер, жыйналыштын басма сөзгө ачык бөлүмүндө сөз сүйлөштү.

Эрдоган сөздөрүн: «Урматтуу президент, эң оболу келген убагыбыздан баштап ушул убакка дейре көрсөтүлгөн меймандостукка чоң ырахматымды айтамын»,-деп баштады.

Барынан мурда Түштүк Корея жана Түндүк Кореянын ортосунда болгон, дүйнөлүк тынчтыкка чоң салымы боло турган жолугушуудан улам өзү жана улутунун атынан куттуктоосун билдирген Эрдоган: «Чындыгында дүйнөдө пайда болгон коркууларды, санааркоолорду жойгон жолугушуу болду. Муну ийгиликтүү ишке ашырганыңыздар үчүн сиздерди куттуктаймын. Каалаганыбыз бул чечкиндүүлүк мындан кийин да ушундай уланат»,деген серебин салды.

Эрдоган, өзгөчө бул процесстин Түндүк Кореянын ар башка өлкөлөр менен да жолугушууларын улантса да абдан оң көз караштарга себеп боло турганына шилтеме кылып, «Биз Түркия катары бул темада биздин аткарышыбыз керек болгон кандай милдет бар болсо аткарууга даярбыз»,-деп айтты.

Түштүк Корея жана Түркиянын орто эсеп менен 7,5 миллиард доллардык соода көлөмүнө ээ болгонун айтып муну жетиштүү көрбөгөндөрүн баса белгилеп, мындай улантты: «Биз бул абдан илгери деңгээлге жетишин каалайбыз.Эки өлкөнүн тең керек болсо калкынын потенциялы, керек болсо учурда Чоң жыйырмалыктын (G-20) ичиндеги эки өлкө катары муну жогорулатышы керек деп ойлойм. Учурда Түркия жана Түштүк Кореянын жалпы калкынын санына көз чаптырсак 132 миллион калкка ээбиз. 132 миллион сыяктуу, ушундай калк потенциялына чындап эле соода көлөмү абдан төмөн. Бул 10-15 миллиард долларга эмне үчүн жетпесин? Өзгөчө да коргоо өнөр жайы башында турган өнүккөн технология тармагында бирге жасай турган көп нерсебиз бар».



Тектеш кабарлар