Өзбекстанда өзүбүздү Ата журтубузда жүргөндөй сезүүдөбүз

Өзбекстан жана Түштүк Кореяны камтыган Азия сапарынын алгачкы аялдамасы Ташкентке барган Эрдоган, жолугушууларынын алкагында Өзбекстандын Парламентине кайрылуу жасады.

961546
Өзбекстанда өзүбүздү Ата журтубузда жүргөндөй сезүүдөбүз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Өзбекстанда өзүн Ата журтунда жүргөндөй сезгенин айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Өзбекстанда өзүн Ата журтунда жүргөндөй сезгенин айтты.

Өзбекстан жана Түштүк Кореяны камтыган Азия сапарынын алгачкы аялдамасы Ташкентке барган Эрдоган, жолугушууларынын алкагында Өзбекстандын Парламентине кайрылуу жасады.

Сөзүндө, «Ата журтубузда өзүбүздү үйүбүздө жүргөндөй сезебиз»,-деп айткан Эрдоган: «Бүгүн биз 25 келишимге кол койдук, ушул убакка дейре Өзбекстан ушундай чоң пакет келишимдерине кол койгон эмес»,-деди.

Көңүлдөрдүн арасына чек ара чийилбей турганын баса белгилеген Эрдоган: «Жүрөктөрү бирдей соккондор үчүн аралыктардын эч кандай кажети жок. Биздин ишеничибизде туугандык эң баалуу казына болуп саналат. Өзбекстандын көз карандысыздыгына кайрадан ээ болушу өзбек туугандарыбыз сыяктуу түрк улуту үчүн да чоң сыймык булагы болду»,-деди.

Жер астындагы, жер үстүндөгү байлыктары менен Өзбекстандын берекелүү жерлерге эгедер экендигин белгилеген Эрдоган: «Бул жерлерден бардык нерсе чыгат. Биз болушунча умтулалы. Өзбекстандын ушул кайрадан өнүгүү мезгилинде Түркия ар түрдүү колдоону көрсөтүүгө даяр.Шавкат Мираманович Мирзиеев тууганыма түрк атуулдарына виза жеңилдигин камсыздаганы үчүн дагы бир жолу ырахматымды айтамын»,-деди.

Глобалдык түшүнүктө абдан коогалаңдуу күндөрдөн өтүлгөнүн айткан Эрдоган: «Тынчтык жана ырааттуулуктун тез арада үстөмдүк кылышын чын жүрөктөн каалайбыз. Ушул алкакта Өзбекстан менен кызматташтыгыбызды күчтөндүрүүгө даярбыз»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар