"Түркия НАТО чектерин коргоодо ачкыч роль ойноп жатат"

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг эч бир өлкөнүн террор менен Түркиячалык күрөшпөгөндүн унутпоо керектигин айтты.

955300
"Түркия НАТО чектерин коргоодо ачкыч роль ойноп жатат"

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг союздаштыктын мүчөсү эч бир өлкөнүн Түркиячалык террор менен күрөшпөгөндүгү унутулбашы керектигин белгилеп : «Түркия НАТО чек араларын коргоодо ачкыч роль ойноп жатат»,- деди.

Йенс Столтенберг Нидерландия парламентинин тышкы иштер министрлигинин комиссия жыйынында депутаттардын берген суроолоруна жооп берди. Столтенберг : «Эч бир НАТО өлкөсүнүн террор менен күрөшпөгөндүгүн унутпашыбыз керек. Түркия НАТО чектерин  коргоодо ачкыч роль ойноп жатат. Түркия абдан маанилүү союздашыбыз»,- деди.

Бул жердеги жыйындан кийин премьер  - министрлик турак жайда  Нидерландиянын премьер  - министри Марк Рутте менен пресс  - жыйын өткөргөн Столтенберг бир грек кабарчынын Түркия менен Грециянын ортосундагы араздашуу тууралуу эмне ойлогондугуна байланыштуу  суроосуна да жооп берди: «Эки өлкө тең союздашыбыз. Коңшу катары араларында сүйлөшүп жакшы мамиледе болуулары керек. Өз араларында сүйлөшүүлөрүнө кубандым. НАТО катары абалга кийлигишүүбүз пайда алып келбейт. Маселелерин өз араларында чечүүлөрү керек».

 

 



Тектеш кабарлар