Сирияны күч сынаша турган аянтка айландырууга эч кимдин укугу жок

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Анкаранын Каяштагы поезд станциясында өткөрүлгөн Башкентрайдын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

950029
Сирияны күч сынаша турган аянтка айландырууга эч кимдин укугу жок

Президент Режеп Таййип Эрдоган, аскердик күчтөрүнө ишенген айрым өлкөлөрдүн Сирияны күч сынаша турган аянтка айландыруусуна тынчсыздангандарын айтты.

Эрдоган, Анкаранын Каяштагы поезд станциясында өткөрүлгөн Башкентрайдын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Сөзүндө Сирия боюнча кайым айтышкан АКШ жана Орусияны эскерткен Эрдоган: «Эч кимдин Сириянын территориясын аскердик тирешүүлөрү үчүн өрттөгөнгө укугу жок. Химиялык курал колдонгон режимди коргоо канчалык жаңылыш болсо, террористтерди коргоо да ошончолук жаңылыш»,-деди.

Түркиянын АКШ менен шериктеш, Орусия менен энергетика жана коопсуздук тармагында кызматташууда экенин баса белгилеген Эрдоган, бул өлкөлөр жана Иран менен карым-катнаштардан баш тартуу ниеттери жок экенин айтты.

Эрдоган: «Канкор Асадды колдогондор жаңылыштык кылып жатышат, (жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы) ПЙД-ЙПГны колдогондор да жаңылыштык кылып жатышат. Турган аймагына тынчтык алып келген жалгыз өлкө Түркия болуп саналат. Бизден башка күчтөрдүн барган жерлеринде зулумдук, баш аламандык бар. Сирияны курганы, көңүлдөрдү алууга бардык жана ийгиликтүү болгонго дейре ошол жакта болобуз»,-деп айтты.

Ишемби күнү Сириянын Дума аймагында болгону айтылган жана 80 кишинин өмүрүн кыйган химиялык кол салууга токтолгон Эрдоган: «Сириядагы абалдар бүткүл дүйнөдө химиялык кризиске алып барды. Сириядагы режим биздин көз алдыбызда ансыз деле капкара өтмүшкө ээ болду. Сириянын күч сыналуучу аянтка айланыдырылышынан тынчсыздануудабыз. Кечээ кечинде АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөштүк, бүгүн Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен сүйлөшөм. Биргелеше химиялык кыргын салууларды кантип токтотобуз, муну сүйлөшөм. Эч кимдин Жер Ортолук деңиз жана Сириянын жерлерин өрттөгөнгө укугу жок»,-деди.



Тектеш кабарлар