Тышкы иштер министри АКШнын террордук уюм менен союздаштык түзүүгө чечим чыгарышын сынга алды

«Зайтун бутагы» операциясы Түркиядагы отурукташуу борборлоруна жасаган кол салууларына каршы мыйзамдуу кийлигишүү.

946357
Тышкы иштер министри АКШнын террордук уюм менен союздаштык түзүүгө чечим чыгарышын сынга алды

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШнын Түркия менен 66 жылдык союздаштыгына карабастан ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюм менен союздаштык түзүүгө чечим чыгарышын дагы бир жолу сынга алды. Чавушоглу  Amerikan Foreign Policy журналына жазган макаласында түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында жүргүзгөн «Зайтун бутагы» операциясынын мааниси жана Америка башкаруусунун стратегиясына байланыштуу баа берди. Чавушоглу «Зайтун бутагы» операциясынын баарыдан мурда террористтердин Түркиядагы отурукташуу борборлоруна жасаган кол салууларына каршы мыйзамдуу кийлигишүү кыймылы болгондугун баса белгиледи.

Операцияны каралоо үчүн кенен кампаниянын жүргүзүлгөндүгүн билишкендерин белгилеген Чавушоглу жарандарга зыян тарттырбоо үчүн абдан этияттык менен кыймыл кылышкандарын жана операциянын дүйнөнүн көргөн эң ийгиликтүү операцияларынын бири экендигине көңүлдөрдү бурду.

АКШ менен шайкеш келбеген жерлердин бирөөсүнүн Вашингтондун ПКК/ЙПГ террордук уюм болгондугуна карабастан куралдандыруу саясаты экендигин баса белгилеген Чавушоглу : «АКШ  террористтердин негизги буталарынын бирөөсү болгон Түркия менен 66 жылдык союздаштыгына карабастан террористтер менен союздаштык түзүүгө чечим чыгарып бардык сынчы жана оппозициячылдардын көмөчүнө күл тартууда. Мамлекеттик катчы болуп дайындалган кесиптешим Майк Помпео жана Улуттук коопсуздук кеңешчиси, элчи Болтон бул жолду оңдоодо жол башчылык кылат деп ойлойм»,- деди.

ДЕАШтын аскердик жактан жеңилгендигин, бирок мунун бир гана АКШ тарабынан машыктырылган жана куралдандырылган топтордун акыркы бир сокку уруусу менен болбогондугун белгилеген тышкы иштер министри Чавушоглу : «ДЕАШ Ирак армиясынын жана Түркиядан иш алып баган глобалдык бир коалициянын аракеттери менен жеңилди. ДЕАШка түздөн түз кийлигишүү менен Түндүк Сириядагы Жараблуста жеңилүүгө учураткан бир гана НАТО армиясы да түрк армиясы»,- деди.



Тектеш кабарлар