Миллионер саны артууда
Өлкө ичинде жана тышында отурукташкан миллионерлердин жалпы саны февраль айынын акырынан баштап 141 миң 118ге жетти.
946055
Банка эсебинде 1 миллион лира же андан ашыкча акчасы болгон киши саны бул жылдын биринчи 2 айында 2 миң 138 кишиге өсүп 141 миң 118ге жогорулады.
Өлкө ичинде жана тышында отурукташкан миллионерлердин жалпы саны февраль айынын акырынан баштап 141 миң 118ге жетти.
Өткөн жылдын акырына караганда 2 миң 138 кишиге арткан миллионерлердин жалпы депозити 909 миллиард 979 миллион лира болгон. Миллионер башына түшкөн орточо депозит да 6 миллион 682 миң лира деп эсептелди. Өлкө ичинде отурукташкан миллионерлердин саны жылдын биринчи 2 айында 2017 - жылга салыштырганда 1647 кишиге артып 128 миң 616га жетип, жалпы депозити да 862 миллиард 566 миллион лирага жогорулады.