Афринден кийин Идлиб менен Манбижге да операция жүргүзүлөт

Президент Эрдоган Стамбулда элге кайрылды.

936246
Афринден кийин Идлиб менен Манбижге да операция жүргүзүлөт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Афринден кийин Идлиб жана Манбижге да операция жүргүзүлө турганынын белгисин берди.

Стамбулда элге кайрылган Эрдоган, Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында жикчил террордук уюм ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка мүчө террористтерди жок кылуу, дос жана боордош аймак элин кысым жана зулумдуктан куткаруу үчүн 20-январда баштаган «Зайтун бутагы» операциясына токтолду.

Операцияда ушул учурга чейин жок кылынган террористтердин саны 3 миң 700дөн ашканын белгилеген Эрдоган, Афринден кийин Идлиб менен Манбижге да операция жүргүзүлө турганын айтты.

Эрдоган, кечээ кечинде АКШнын президенти Трамп менен телефондо ушул теманы да сүйлөшкөндөрүн белгилеп: «Аларга мындай дедик; «Биз бул жерлерден эми артка кадам таштабайбыз. Биз күнөөсүздөрдүн, кыйналгандардын жанындабыз»,-дедик. «Бул улут тарыхта күнөөсүздөрдүн, кыйналгандардын жанында болуунун кадамын таштады»,-дедик. Эки күн мурда (Орусиянын президенти) урматтуу Владимир Путин менен да буларды сүйлөшкөнбүз. Эч качан залымдардын жанында болгон жокпуз»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар