Түркиянын террор менен күрөшүүсү айрымдарынын беткабын түшүрдү

Эрдоган, Аскердик академияда уюштурулган Офицердин башталгыч аскерлик жана офицердик түшүнүгүн үйрөтүү билим берүүсүнүн (SUTASAK)  ант берүү аземи үчүн куттуктоо билдирүүсүн жөнөттү.

935585
Түркиянын террор менен күрөшүүсү айрымдарынын беткабын түшүрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын ийгиликтүү жүргүзгөн чек аранын ары жагындагы террор менен күрөшүү операцияларынын, өлкөнүн улуттук коопсуздугун коргоо жагынан сезимталдыгын жана чечкиндүүлүгүн бүткүл дүйнөгө көрсөткөнүн белгиледи.

Эрдоган, Аскердик академияда уюштурулган Офицердин башталгыч аскерлик жана офицердик түшүнүгүн үйрөтүү билим берүүсүнүн (SUTASAK)  ант берүү аземи үчүн куттуктоо билдирүүсүн жөнөттү.

Эрдоган, билдирүүсүндө Түркиянын террор менен күрөшүүсүнүн айрым чөйрөлөрдүн беткабын түшүргөнүн баса белгиледи.

Эрдоган: «Акыркы процессте башыбыздан өткөргөн ар бир тажрыйба, ээ болгон бардык ийгилик, түшүргөн ар бир беткап, өлкөбүзгө карай курулган оюндардын көлөмүн көз алдыга жайып койду. Ошондой эле Африн аймагында күбө болгон жыйындылар, туннелдер жана ок-дары, куралдар негизги бутанын Түркия экенин ачык ортого салды»,-деди.

Эрдоган, Түркиянын аймагында ырааттуулук эстелиги катары турумун улантуусунун 2023-жыл максаттарынан кийин 2053 жана 2071-жыл максаттарын ишке ашыруунун, башка элементтери менен катар армиянын күчүнө жана акылмандыгына байланыштуу болгонун айтты.

Эрдоган, бүгүн ант берген офицер талапкерлеринин ийиндерине жүктөнгөн оор жүктү түшүнүү менен иш-аракет кыла тургандарына, билим алууларын ийгиликтүү бүтүргөндөн кийин армиянын намыстуу мүчөсү катары Түркияга эң мыкты түрдө кызмат кыла турганына ишенгенин баса белгиледи.

Эрдоган билдирүүсүндө айрыкча, «Улутубуздун президенти, мамлекетибиздин башы жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн башкы командири катары ар бириңизге билим алуу турмушуңузда ийгиликтерди калаймын. Кудай таалам жар жана жардамчыңыз болсун. Жолуңуз, бактыңыз ачык болсун»,-деп айтты.


Этикеткалар: #Эрдоган , #Офицердин

Тектеш кабарлар