Бүгүн президент Р. Т. Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшөт

Мевлют Чавушоглу Анадолу агенттигине күн тартиби тууралуу маалымат берди.

935234
Бүгүн  президент Р. Т. Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшөт

 Президент Р. Т. Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трамп менен бүгүн телефон  аркылуу сүйлөшүү өткөрөт. Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Анадолу агенттигине күн тартиби тууралуу маалымат берди.

АКШнын ДЕАШ шылтагы менен Сириянын Манбиж аймагына жикчил террордук уюм ПККнын уландысы ПЙД – ЙПГни жайгаштыруусуна токтолгон Чавушоглу : «АКШнын ДЕАШтын жеңилүүгө учуратылышынан кийин ПКК/ПЙД – ЙПГнин аймакты бошотору тууралуу сөздөрүн эске салды. Манбиждеги ПКК/ПЙД – ЙПГге байланыштуу АКШ менен бир модель тууралуу келишимдин түзүлгөндүгүн белгилеген Чавушоглу модель ишке ашпаса Евфрат дарыясынын чыгышында операция жүргүзүлө аларын айтты жана президент Эрдогандын бүгүн АКШнын президенти Трамп менен сүйлөшөрүн белгиледи.

 «Трамптын карым  - катнаштарды калыбына келтирүүнү каалагандыгын билебиз. Бирок системаны дагы жакшы билиши керек»,- деген Чавушоглу : «Андан кийин Түркия менен АКШ ал жерде болот. Экинчи баскычта ал жердин коопсуздугун жана башкаруусунун белгилениши. Андан кийин башка жерлерде да бул модель ишке ашырылат»,- деди.

Чавушоглу ПКК/ПЙД – ЙПГнин Манбижден чыгышынан кийин башкаруу жана коопсуздук түзүлүшүн демографиянын белгилей тургандыгын айтты. Манбиж модели ийгиликтүү ишке аша турган болсо операциянын жүргүзүлбөй тургандыгын баса белгилеген Чавушоглу : «План ишке ашпаса аткарыла турган бир гана нерсе бар ал да террористтердин жок кылынышы. Бул бир гана Евфрат дарыясынын чыгышы үчүн эмес, Иракка да тийешелүү. Иракта ПККнын  болушунан эң көп Ирак өкмөтү тынчсызданууда. ПКК Ирактын түндүгүндөгү күрттөр үчүн да коркунуч»,- деди.



Тектеш кабарлар