Түркиянын Европа Биримдиги боюнча министрлигинин жарыясы

Түркия менен ЕБнин ортосундагы көч кризисинен келип чыккан көп багыттуу кызматташтыктын маанилүү баскычтарынан бири болгон «18-Март Макулдашуусуна» эки жыл толду.

932804
Түркиянын Европа Биримдиги боюнча министрлигинин жарыясы

Европа Биримдиги боюнча министрлик Түркия менен ЕБнин ортосундагы көч кризисинен келип чыккан көп багыттуу кызматташтыктын маанилүү баскычтарынан бири болгон «18-Март Макулдашуусунун» эки жылдыгынын себебинен маалымдоо жасады.

Министрликтин Твиттер барагындагы жарыясында, «18-Март Макулдашуусу, Европаны боло турган кризиске алып бараткан тартипсиз көчтүн агымын токтотуп эле тим калган жок, жолдордо курман боло турган көчмөн санын чоң өлчөмдө азайтты. 18-Март макулдашуусу аркылуу 2015-жылы октябрда Түркиядан Греция аралдарына күнүгө орто эсеп менен көчкөндөрдүн саны 7 миң болуп турганда, бул макулдашуудан кийин тартипсиз көчкөндөрдүн саны күнүгө 43кө түштү»,-деп жазылды.

Саммит токтомдорунун ишке ашырылышы аркылуу баш калкалоочулар үчүн коопсуз жана мыйзамдуу жол түзүлүп жатканда, тартипсиз көчүүгө да бөгөт коюлганын белгилеген маалымдоодо, «Түркия, 18-Март Макулдашуусунун алкагында убадага туруу менен иш-аракетин кылып жоопкерчиликтерин орундатты. Тилекке каршы ЕБ, бардык жоопкерчиликтерин орундаткан жок. Сириялык баш калкалоочулардын мыйзамдуу жолдор менен саякат кылууларын камсыздай турган Ыктыярдуу кайрадан жайгаштыруу планын ишке ашыруусун баштоосун күтүүдөбүз»,делди.

Анда, Баш калкалоочулардын финансылык мүмкүнчүлүгү темасында ташталган акыркы кадамдардын оң кабыл алынганы, бирок жетиштүү түрдө күчтүү жана ылдам кадамдар ташталбаганы баса белгиленип, «18-Март макулдашуусунун башка элементтеринен болгон Кошулуу сүйлөшүүлөрү, (Түрк атуулдарынын ЕБ өлкөлөрүнө) визасыз кирүүлөрү жана Бажы Биримдигинин жаңыланышы темаларында да ЕБнен так кадамдарды күтүүдөбүз»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар