Түркия менен Өзбекстан жаңы каттамдар үчүн келишти

Түркия менен Өзбекстан жарандык авиация делегациялары эки өлкөнүн ортосундагы аба транспорту келишминин актуалдашуусу максатында кечээ Стамбулда жолугушту жана макулдашуу келишимине кол койду.

930665
Түркия менен Өзбекстан жаңы каттамдар үчүн келишти

Түркия жана Өзбекстандын ортосунда аба транспорту келишими жаңы учуу пункттары менен каттамдардын артышын камтый тургандай түрдө каралып чыкты.

Жарандык авиация директорлугунун интернет сайтында жарыяланган жарыяда Түркия менен Өзбекстан жарандык авиация делегациялары эки өлкөнүн ортосундагы аба транспорту келишминин актуалдашуусу максатында кечээ Стамбулда жолугушту жана макулдашуу келишимине кол койду.

Башкы директордун аткаруучу өкүлү Бахри Кесижи менен Өзбекстан жарандык авиациясынын башкы директорунун орун басары Олег Лимдин жетекчилигиндеги делегациялар аралык сүйлөшүүдө аба жолу транспортторунун жыштык жана пункту чектөө маселелери, түрк ташуучуларынын Өзбекстанда жашаган операциялык кыйынчылыктар менен башка техникалык кызматташтык темалары сүйлөшүлдү.

Сүйлөшүүлөрдүн акырында кол коюлган макулдашуу келишими боюнча  түрк  - ислам тарыхынын маанилүү шаарларынан Самаркант үчүн каттам саны 3кө чыгарылды. Өзгөчө Бухара, Үргенч жана Каршыга жумасына 2 жыштык каттам аткаруу үчүн түрк аба жолу ташуучулары үчүн жаңы каттам пункттары катары келишимге кошулду.

Анкара, Анталья жана Измир менен Өзбекстандагы учуу пункттарынын арасында келерки мезгилде аткарыла турган каттамдар үчүн да алдыңкы макулдашуу түзүлдү.

Эки өлкөнүн ортосунда ишке кирген аба транспорту келишиминде өзгөртүү жана актуалдаштырууларды камтыган кошумча протокол да жыйындын негизинде бекитилип ишке кириши үчүн процесс баштатылды.



Тектеш кабарлар