Түркия-Америка карым-катнаштары
Премьер-министр Йылдырым, Эсенбога аэропортунда маалымат жыйын өткөрдү.
Премьер-министр Бинали Йылдырым, АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун кызматтан алынышына байланыштуу: «Түркия-Америка карым-катнаштары адамдарга көз каранды нерсе эмес»,-деди.
Бинали Йылдырым, Азербайжандын борбор шаары Бакуга аттанаар алдында Эсенбога аэропортунда маалымат жыйын өткөрдү.
Тиллерсондун кызматтан алынышына байланыштуу суроо боюнча премьер-министр: «Түркия-Америка карым-катнаштары адамдарга көз каранды нерсе эмес»,-деп айтты.
Түркиянын кызматка ким келсе дагы мамилесинин белгилүү жана так экенин айткан Йылдырым: «Келген министрдин Түркия тууралуу эмне ойлогондугу да биз үчүн өтө маанилүү эмес. Мындан ары алакалардын дагы да бекемделээрин үмүт кыламын»,-деди.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.