Афринде шейит

«Зайтун бутагы» операциясында бир аскер шейит болду.

929191
Афринде шейит

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында улантып жаткан «Зайтун бутагы» операциясында бир аскер шейит болду.

Башкы штабдын төрагалыгынын билдирүүсүндө, кыймылдын алкагында Африн аймагында жүргүзүлүп жаткан операциялар убагында бир аскердин шейит болгону маалымдалды.

Билдирүүдө: «Бизди терең кайгы жана капага салган бул окуяда каза тапкан азиз шейитибиздин жаткан жери жайлуу болушун тилеп, шейитибиздин үй-бүлөсүнө, Түрк куралдуу күчтөрү менен улуу түрк улутуна көңүл айтабыз жана сабырдуулук тилейбиз»,-деген сөздөргө орун берилди.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн 20-январдан бери улантып келе жаткан операциясында ушул күнгө чейин 44 түрк аскери шейит болду.



Тектеш кабарлар