Түркия Катарга армиясынын инвентарын толуктайт

Катар армиясынын муктаждыктары үчүн 50 кирпи, 35 Амазон унаа өндүрүлөт.

928965
Түркия  Катарга армиясынын инвентарын толуктайт

Түркиянын алдыңкы ок өткөрбөс унаа өндүрүүчүлөрүнөн BMC Катар армиясынын инвентарын 85 жаңы ок өткөрбөс унаа менен күчтөндүрөт. BMC Катардагы Доха эл аралык деңизден коргонуу жарманкеси жана конференциясында жаңы экспорт келишимине кол койду. Кол коюлган келишимдин негизинде Катар армиясынын муктаждыктары үчүн 50 кирпи, 35 Амазон унаасын өндүрөт.

BMC башкаруу кеңешинин төрагасы Этхем Санжак мындан мурда Түркмөнстан менен Тунис армияларына унааларын сатышкандарын белгилеп : «Дүйнөлүк армиялардан көптөгөн талап бар. Бирок муктаждыктар көп болгондуктан 2018 – жылдын бардык өндүрүшүн түрк куралдуу күчтөрү жапты. Ал түгүл жетиштире албай жатабыз, көптөгөн талап бар. 2019 -  жылы пландалган нерсе өндүрүштүн дээрлик 40 пайызын экспорттоо»,- деди.

Этхем Санжак бул жылдан баштап коомдук автобустарда лидер болушкандарын жана акыркы болуп Бельгияда өткөн Эл аралык автобус жарманкесинде BMCнин дүйнөнүн мыкты дизайн сыйлыгын алгандыгын эске салды.

Алдыбыздагы айларда ал автобустун да базарга чыгарын кабарлаган Санжак кезекте жаңы версиялары жана технологиялары менен жүк ташуучу базарынын бар экендигин айтты.



Тектеш кабарлар