Түркия Германияга нота берди

Боздаг, Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

928152
Түркия Германияга нота берди

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг, Германиядагы Түрк ибадатканаларына болгон кол салуулар тууралуу бул өлкөгө нота берилгенин айтты.

Боздаг, Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

Сириянын Африн аймагында уланган «Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында шаар борборунун да жакында террористтерден тазалана турганын белгилеген Боздаг, Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) 20-январдан бери уланган кыймылында ушул убакка дейре 42 түрк аскеринин шейит болгонун, 202 аскердин да жаракат алганын маалымдады.

Кыймылдын башынан бери 3381 террористтин жок кылылынганын белгилеген Боздаг, «Жакында Африндин борбору да террористтерден тазаланат»,-деди.

Боздаг, ТККнын аймакта эч бир жаранды бутага албаганын дагы бир жолу баса белгиледи.

Бекир Боздаг, Германияда жикчил террор уюмун жактоочулардын Түрк ибадатканаларын бутага алган кол салуулары абдан санаага салып жатканын белгиледи.

Германиядагы түрктөрдүн коопсуздугу боюнча Берлин өкмөтүнүн жооптуу экенин белгилеген Боздаг: «Бул уланган соттоолордо жоопко тартылган эч кимди көргөн жокмун. Немис өкмөтүнүнүн үн катпоосу ойлондурат.Германиянын элчисине бүгүн нота берилди»,-деп айтты.

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг, АКШ менен Сириянын Менбич аймагынын террористтерден тазалануусу боюнча сүйлөшүүлөрдө белгилүү баскычка жетишилгенин да белгилеп, «Келишим түзүлө албаса Түркия террористтерди тазалоо боюнча чечкиндүү»,-деди.

Боздаг, Түндүк Ирактагы террорист түзүлүшкө карай ыктымалдуу операция тууралуу да Ирак өкмөтү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн оң өткөнүн айтты.

Кыймылдын качан боло турганы жөнүндө суроого болсо Боздаг: «Аны кыймыл башталганда баарыбыз бирге көрөбүз. Менден эч ким бир күн айтуумду күтпөсүн, биздин реактивдерибизди, Мехметчиктерибизди көргөндө келгенибизди түшүнүшөт»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар